Трамп Киевдин Starlink боюнча өтүнүчүн четке какты
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага Starlink байланышы бар дрондорду Орусиянын аймагына сокку урууда колдонууга уруксат берүүдөн баш тартканы маанилүү белги экенин Орусиянын Федерация Кеңешинин эл аралык комитетинин биринчи орун басары Елена Перминова орус басылмаларына билдирди.
Анын айтымында, АКШ Конгрессине шайлоодон кийин Трамптын Владимир Зеленскийге болгон мамилеси өзгөрүшү мүмкүн.
Буга чейин Financial Times басылмасы булактарына таянып, Киев Трамптан Starlink байланышын колдонгон дрондор менен Орусиянын аймагындагы буталарга сокку урууга уруксат сураганын, бирок АКШ президенти бул өтүнүчтү колдобогонун жазган.
Перминова Трамптын мындай чечими «абдан маанилүү белги» экенин айтып, анын азыркы саясий позициясы АКШ Конгрессиндеги алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















