Караколдо ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы бир катар ири долбоорлордун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, 1500 орундуу конгресс-холл жана 12 гектар аянтка курулуп жаткан көп функционалдуу спорт комплекси бар.
Спорт комплекс 5000 орунга ылайыкташып, анын курамында олимпиадалык стандарттагы бассейн, 200 орундуу мейманкана жана 275 орундуу спорт интернаты болот.
Ал эми конгресс-холлдо чоң жана кошумча залдар, конференц-зал жана китепкана каралган.
Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Каракол шаардык мэриясына курулуш иштеринин сапатын камсыз кылып, объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















