Аргентина футбол курамасынынын машыктыруучусуна жана оюнчуларына жаза берилди
ФИФАнын Тартип комитети Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинен кийин Аргентина курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучусуна санкцияларды киргизди.
ФИФА тараткан маалымат боюнча, жарым коргоочу Леандро Паредес эң катуу жазага тартылып, ал улуттук курама команда үчүн 10 оюнга четтетилген жана 90 миң доллар айыпка жыгылган. Коргоочу Науэль Молина 7 оюнга четтетилип, ага да 90 миң доллар айып пул салынган.
Аргентинанын машыктыруучусу Роберто Айяла 3 оюнга четтетилип, 30 миң доллар айыпка жыгылган. Аргентиналык чабуулчу Тьяго Альмада жана Испаниянын жарым коргоочусу Гави 1 оюнга четтетилишип, аларга 30 миң доллар айып пул чегерилген.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания кошумча убакыттан кийин Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип алган. Акыркы ышкырыктан кийин оюн талаасында мушташ чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















