Бүгүн борбордо бир катар жолдорго чектөө киргизилет
Бугүн, 22-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярданууга байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Милициянын кайгуул кызматы убактылуу чектөө киргизиле турган жолдордун тизмесин жарыялады. Алар:
- Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.
- Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин.
- Манас проспектиси.
- Жусуп Абдрахманов көчөсү.
- Чүй проспектиси.
- Васильевский тракты — "Манас" эл аралык аэропортунан Фучик көчөсү жана Чүй проспектиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















