super.kg logo

Трамп өзүн кубанта турган нерсени айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн мыйзамдары өзгөртүлүп, мамлекет башчысы катары үчүнчү мөөнөткө талапкер болууга мүмкүнчүлүк берилсе, анда кубанарын айтты.

"Бизде президенттикке талапкер болууга тыюу салган эрежелер жана жоболор бар. Эгер алар муну өзгөрткүсү келсе, мен кубанмакмын", - деди ал Миртл-Бич шаарында тарапташтары алдында сүйлөп жатып.

Айта кетсек, мыйзам боюнча Трамптын президенттик экинчи мөөнөтү 2029-жылдын январында аякташы керек. 1951-жылы кабыл алынган АКШнын Конституциясына киргизилген 22-түзөтүүдө президент эки мөөнөт гана кызмат кыла алат. Ал эми азыркы америкалык лидер үчүнчү мөөнөткө талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн бир нече жолу көтөрүп келет.

Трамп 2024-жылдын ноябрындагы шайлоодо демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи жеңип, экинчи мөөнөткө жеңишке жеткен. Ал биринчи жолу Америка администрациясын 2017-2021-жылдары жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: