super.kg logo

Акылбек Жапаров Бакиевди "Ваше превосходительство" дегенине түшүндүрмө берди

 

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров активист Илим Карыпбековго маек берип жатып, 2009-жылы өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевге "Ваше превосходительство" деп кайрылганына түшүндүрмө берди.

Ал ошол учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун тездетүү үчүн Нарын дарыясынын нугун бөгөөдө тоо жардырылганын эске салды. Жапаров аны жардырууда президентке жасаган кайрылуусу академик Абдыганы Эркебаевдин сөзү экенин айтты.

"Ал кезде Бакиев терең урматтуу болуп калган. Анан кеңешчим "сууну токтотуп жатсаңыз терең урматуу деп кайрылган туура эмес" деди. Анан мен Эркебаевге барып, "эртең мен терең урматтуу деп айтпасам, башкалар табалайт" деп, "кандай кайрылсам болот?" деп сурадым. Ал "улуу даражалуу деп айт" деди. Мен "Ваше превосходительство" деп айтсам эле Бакиев өзү чочуп кеткен. Ошондой кийин улуу пахтакор мен болуп калдым", - деди ал.

Эске салсак, ошол учурда Акылбек Жапаров биринчи вице-премьер-министр болчу. Анын бул сөзү катуу сынга кабылган.






Акылбек Жапаров убагында Бакиевди "Ваше превосходительство" дегенине түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: