НОМАД-ТВ жаңылыктарды өзгөчө форматта берүүнү улантууда
НОМАД-ТВ жаңылыктар берүүлөрүндө кеңейтилген реалдуулук технологиясын колдонууну улантууда. Бул жолу канал орусиялык окумуштуулар Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган сөөктөрдүн негизинде байыркы тургундардын келбетин калыбына келтиргени тууралуу жаңылыкты чагылдырды.
Буга чейин орусиялык археологдор эки адамдын сөөгүн табышкан. Кабылына келтирүү учурунда экөөнүн тең бет түзүлүшү монголоиддик экени, ал эми жигиттин да бир аз кавказдык өзгөчөлүктөрү бар экени аныкталган.
3D моделдөөнү колдонуп, телеканал алардын келбетин гана эмес, ошол кездеги күнүмдүк жашоонун элементтерин да кайра жараткан. Көрүүчүлөргө жаңылыктар студиясында орто кылымдагы жашоо жана үй кандай болушу мүмкүн экени көрсөтүлдү.
Бул визуализация көрүүчүлөргө болжол менен 600 жыл мурун Ысык-Көлдүн тургундары кандай болушу мүмкүн экенин майда-чүйдөсүнө чейин элестетүүгө мүмкүндүк берет. Заманбап технологиялар өткөнгө көз чаптырып, орто кылымдарда бул жерде жашаган адамдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
НОМАД-ТВ жаңылыктарды өзгөчө форматта берүүнү улантууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео















