Иран коргонуудан чабуулчу аскердик доктринага өткөнүн жарыялады
Жакында болгон бир катар чыр-чатактардан кийин Ирандын аскердик доктринасы коргонуудан чабуулчу мүнөзгө өтөт. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Амир Акраминия ишемби күнү билдирди.
Чет элдик басылмалар жазгандай, ал доктринанын өзгөрүшү сөзсүз түрдө алдын алуу чараларын билдирбей турганын айткан. Ошол эле учурда Акраминия Ирандын Иорданиядагы америкалык базага жасаган соккусуна токтолуп, аны Тегеран АКШ Ирандын аймагына кол салганга чейин баштаганын билдирген. Акраминиянын айтымында, Иран тарап аймактагы америкалык күчтөргө олуттуу зыян келтире алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















