super.kg logo

Сирия менен Израил чабуулдарды токтотуу шарттарын талкуулады

 

Кечээ, 23-августта Сирия менен Израилдин делегациялары АКШнын ортомчулугу менен Иорданияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.

Сириянын делегациясын тышкы иштер министри Асаад Хасан аш-Шайбани жетектеп, анын курамына чалгын кызматтарынын жетекчилери да кирген. Тараптар Израилдин Сириянын аймагына жасаган соккуларын токтотуу шарттарын жана коопсуздук боюнча келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу маселесин талкуулашты.

Ошондой эле Түркия менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун Сирияга жайылышына жол бербөө чаралары каралды.

Сүйлөшүүлөр Израилдин 18-августта Сириядагы Абу-эд-Духур авиабазасына сокку ургандан кийин өттү. Израил бул соккуну Түркия аталган базага аскерлерин жайгаштырууну пландаган деген жүйө менен түшүндүргөн. Бирок Анкара мындай планы жок экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: