super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шарипов 62 жаш мааракесин белгилеп жатат

 

Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Баатыры космонавт Салижан Шарипов 62 жаш мааракесин белгилеп жатат. Ал 1962-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган.

Космонавт Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. 1982-жылы Андижан шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайын бухгалтер адистиги боюнча бүтүргөн. Советтик Армиянын Приморье крайындагы авиациялык полкунун техникалык бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган. 1990-жылдан космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот.

Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык коллегалары менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системин толугу менен өздөштүрүп, 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.

Салижан Шарипов тууралуу кызыктуу фактылар
  • Алгачкы ирет космоско учканда Кыргызстандын желегин жана бир түйүнчөккө топурагын салып алган.
  • Эки жолу ачык космоско чыккан.
  • 2012-жылы "Орусия сыймыктанган мусулмандар" даректүү тасмасына тартылган.
  • 2014-жылы Салижан Шарипов Түндүк уюлга Кыргызстандын мамлекеттик желегин расмий түрдө орноткон.

Жубайы Насиба Шарипова менен 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Анын уулу Жахангир Кыргызстанда жарандык авиациянын учкучу болуп эмгектенет. Салижан Шариповдун ысымы Ош шаарындагы №22 мектепке, ошондой эле Ош облусундагы бир нече мектепке жана көчөгө берилген.

24-августка карата жылнаама.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: