“Ак-Кеме” мейманканасы жаңыланып, эшигин ачты (видео)
Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында жайгашкан "Ак-Кеме" мейманканасы оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү. Анда карызга баткан 3 жылдыздуу мейманкананын 5 жылдыздуу болуп өзгөргөнүн белгилеген. Аталган объект инвесторго 15 жылга ижарага берилип, мамлекетке ай сайын 60 миң доллар ижара акы төлөйт. 15 жылдан соң мамлекетке өткөрүлөт.
Мейманканадагы эң жогорку категориядагы номер - президенттик номер. Ал бирөө гана болуп, баасы күнүнө 150 миң сомду түзөт. Президенттик номер мейманкананын 13-кабатында жайгашып, аянты 100 чарчы метрди түзөт. Анда 2 уктоочу бөлмө, 2 конок бөлмө, 2 жуунуучу бөлмө жайгашкан.
Ал эми люкс номердин аянты 50 чарчы метрди түзөт. Номерде бир чоң керебет, эс алуусу зонасы жана жуунучу бөлмөсү бар.
Ал эми стандарттык номерлердин аянты 27 чарчы метрди түзөт. Анда 2 өзүнчө керебет жана бардык зарыл шарттар каралган.
Мейманканада жалпысынан 174 номер жайгашып, эң арзан номердин баасы 200 доллардан башталат. Ошондой эле имараттын ичинде комплекстин ресепшни, конференц-залдар, ресторан, спорттук жана эс алуу зонасы каралган.
“Ак-Кеме” мейманканасы
"Ак-Кеме"
Ак-Кеме
Ак-Кеме
0

Супер-Инфо
super.kg видео



























