Блогер Япониядан Бишкектин вице-мэрине кайрылды (видео)
Кечээ, 23-августта блогер Темирлан Төлөнбек Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевге кайрылып, борбор калаадагы бактарды сугаруунун ыңгайлуу жолун сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн.
"Бактарды асфальтка чейин жаап салбай, сугарса болот. Мындан тышкары, эстетикалык жактан да жакшы көрүнөт",- деп белгилеген блогер.
Кадрлардан дарактын түбүндөгү аянтчага асфальт менен бирдей деңгээлде атайын коргоочу тор орнотулганын көрүүгө болот. Тор топурактын тапталып калышынан сактап, жаан суусунун өтүшүнө шарт түзөт.
Видео Японияда тартылып, ага вице-мэр Рамиз Алиев комментарий калтырган.
Бишкектеги бактарды сугаруу: блогер вице-мэрге кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:04
2026-08-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















