Ички иштер министрлиги Бишкектеги айдоочуларга кайрылды
Бишкекте 30-31-август күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине байланыштуу унаа агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Буга удаа борбордун аймагында маал-маалы менен жол кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.
Мындан улам Ички иштер министрлиги айдоочуларга кайрылып, бул күндөрү мүмкүн болсо жеке транспорттон баш тартууну өтүндү.
"Бул жолдордогу жүктү азайтууга, тыгындардын пайда болуу ыктымалдуулугун кыскартууга жана транспорттун эркин жүрүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет",- дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, бул күнү “Бишкек аренага” шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:04
2026-08-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















