Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
27-августта саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмө Борбордук Азия университетинин "Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз" долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Экспозицияда музейдин фондунда сакталган Үркүн темасына арналган көркөм чыгармалар жана изилдөөнүн алкагында чогултулган оозеки тарыхтардын негизинде жасалган композициялар көрсөтүлөт.
Көргөзмөгө коюлган эмгектер Үркүн окуялары тууралуу оозеки тарыхтарды чогултуу жана изилдөөнүн жыйынтыгында жаралган. Анда тарыхый окуялардын элдин эсинде калган издери жана муундан муунга өтүп келе жаткан эскерүүлөр чагылдырылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















