Тогуз-Тородогу Саймалуу-Ташка барчу жолдор оңдолот (видео)
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерине барчу жолдор оңдолот. Бул тууралуу кечээ, 23-августта облус башчысы Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жолдун татаалдыгы туристтерге тоскоолдук жаратууда. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, жөө жана атчан туристтерге шарт түзүлөт.
"Жалпы 7 гектар аянтты ээлеген тоо башындагы тарыхый жай миңдеген туристтердин кызыгуусун жаратып, аймактын туристтик потенциалын арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт",- деп айтылат маалыматта.
Тогуз-Тородогу Саймалуу-Ташка барчу жолдор оңдолот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















