super.kg logo

Түркияда дрон чабуулдарынан улам кысыктарды соода кемелери үчүн жабуу сунушталды

 

Түркиянын Деңиз транспорту боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дениз Ванк Кара деңиздеги соода кемелерине жасалган дрон чабуулдары токтобосо, түрк кысыктарын соода кемелери үчүн жабууну сунуштады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Акыркы окуя 21-августта болгон. Украинанын дрону Кара деңизде Түркиянын «Necibe» аттуу жүк ташуучу кемесине сокку урган. Жардамга келген Түркиянын желегиндеги «Ural» кемеси да дрондун чабуулуна кабылган. Анын кесепетинен бир деңизчи каза болуп, дагы сегиз адам жаракат алган.

Буга чейин, 3-августта Новороссийск портунан чыккандан кийин түрк компанияларына таандык «Yaşar» жана «Nadezhda» аттуу эки жарандык кемеге дрондор менен чабуул жасалган. Анда экипаждын 11 мүчөсү жаракат алган.

«Эгер мындай чабуулдар токтобосо, 1936-жылдагы Монтрё конвенциясына ылайык түрк кысыктарын соода кемелери үчүн да жабуу тууралуу эл аралык коомчулукка билдирүү туура болот деп ойлойм», - деди Ванк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: