BAKAI Picnic 6000ден ашуун конокту чогултту: музыка, эмоциялар жана жайдын жыйынтыктоочуфестивалы
BAKAI Picnic 2026 масштабдуу музыкалык иш-чарасына 6000ден ашуун конок катышты. Жайкыфестивалдардын сезонун жыйынтыктаган ачык асманалдындагы бул концерт музыка, жакшы маанай жанамайрамдык атмосфера менен эсте калды. Эл сүйгөнартисттер, легендарлуу хиттер жана чоң майрам түзүпберген өзгөчө маанай конокторду бир аянтчага чогултуп, унутулгус эмоцияларды тартуулады.
BAKAI Picnic 2026 сахнасында K-MARO, «БАНД’ЭРОС», «Отпетые мошенники» жана TASSO сыяктуу популярдуу ырчылар, топтор өнөр көрсөтүштү. Фестивалдын коноктору ар кайсы муундун сүйүктүү хиттерин угуп, чыныгы музыкалык майрамдын бир бөлүгү болушту.
Мындан тышкары, конокторго масштабдуу концерттик программа менен катар, күндүн аягына чейин фуд-корттор, барлар жана жайкы фестивалдын атмосферасын тартуулаган аянттар да уюштурулду. BAKAI Picnic музыка, эмоция жана жайды чогуу узатууну көздөп келген миңдеген адамдарды бириктире алды.
Фестивалдын өзгөчө учурларынын бири – «BAKAI UFC чемпиону бол» акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. BAKAI Picnic 2026нын башкы сахнасында миңдеген коноктордун алдында жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми BAKAI’дын амбассадору жана UFC чемпиону Валентина Шевченко аларды жеке өзү куттуктап, атайын видео кайрылуусун жолдоду. Бул видео акциянын катышуучулары үчүн өзгөчө белек болуп, BAKAI’дын спорттук экосистемасынын деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү.
Акциянын катышуучуларына башкы сыйлык – UFC беттешине унутулгус саякат тартуулаган эки кишилик сапар ыйгарылды. Сыйлык авиакаттам, мейманканада жайгашуу жана UFC Fight турнириндеги беттешке билеттерди камтыйт. BAKAI UFC чемпиону үчүн утуш оюну уланууда: 2026-жылдын 31-октябрына чейин BAKAI’дын Visa UFC картасынын ээлери «упайларды» топтоп, кийинки чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулата алышат.
BAKAI Picnic — BAKAI’дын lifestyle-экосистемасын өнүктүрүүнүн дагы бир мисалы. Бул жерде финансы, технология, спорт, музыка жана жаркын эмоциялар бирмейкиндикке биригет.
BAKAI менен бул күндү бирге өткөрүп, жайдын соңун өзгөчө шаңга бөлөгөн ар бириңиздерге чын дилден ыраазычылык!
BAKAI UFC акциясы тууралуу кененирээк: https://bakai.kg/bbank/assets/cdn_files/2026/08/03/bakai-ufc-3.pdf
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















