super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга каршы рейддер уланууда

 

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат.

11-августта Ленин районундагы №107 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам бузуунун эки фактысы аныкталган. Тактап айтканда, 166-контурда ички пайдубал курулуп жатканы, ал эми Плодовое айылындагы 67-контурда мамлекеттик фонддун жеринде убактылуу курулуш жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, №109 МАБдын аймагында Кызыл Эмгек көчөсү, 4А дарегинде жана №1539 жер тилкесинде мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн дагы эки фактысы аныкталган.

Аныкталган бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Свердлов районунда да текшерүүлөр жүргүзүлүп, Нуркожо-Ата конушунун 11-көчөсүндөгү №453 жер тилкесине пайдубал куюу фактысы аныкталган. Тиешелүү материалдар мындан аркы кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Ошол эле учурда 7-августта Свердлов районунун бир катар МАБдарында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган эмес.

Октябрь районунда 14-августта өткөрүлгөн рейддерде да мыйзам бузуулар катталган эмес. Бирок Анар-Бак конушундагы №6 участогунда жер тилкесин болжолдуу өз алдынча басып алуу фактысы аныкталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Бишкек мэриясы жер тилкелерин пайдаланууну көзөмөлдөө, мыйзамсыз басып алууга жол бербөө жана курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча рейддер улантыларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: