Таластыктар үчүн жаңы бокс залы ачылды
Айтматов районунуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Асыл" спорт комплексинде жаңы бокс залы ачылды. Бул тууралуу 24-августта президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, ачылыш аземине облус башчысы Эрмат Жумаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков катышты.
"Келечекте "Асыл" бокс залынан дүйнө чемпиондору, Олимпиада чемпиондору чыгат деген үмүтүбүз чоң",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















