super.kg logo

Зендая менен Том Холланддын бала чагы тууралуу кызыктуу фактылар

 

Голливуд жылдыздары Зендая менен Том Холланд бала кезинде ар башка багытта машыгып, бул көндүмдөр кийин актёрдук карьерасында жардам берген.

Зендая бала кезинде футбол, баскетбол жана жеңил атлетика менен машыккан. Кийинчерээк ал бийге кызыгып, хип-хоп тобуна кошулган.

Ал эми Том Холланд 9 жашында бий ийримине катышып, кийин "Билли Эллиот" мюзиклине тартылуу үчүн балет, степ жана акробатика боюнча машыккан. Ал бул даярдыгы кийин "Жөргөмүш адам" тасмасындагы татаал трюктарды аткарууда чоң жардам бергенин айткан.

"Бул машыгуу менин карьерам үчүн абдан пайдалуу болду. Ошондон бери аткарган дээрлик бардык иштеримде анын пайдасын көрдүм", - деген Холланд.

Белгилей кетсек, Зендая менен Том Холланд Голливуддагы эң белгилүү түгөйлөрдүн бири. Алар "Жөргөмүш адам" тасмасында чогуу рол жаратып, кийинчерээк баш кошушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: