Чүйдө ЖАМКнын №19 мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды
Бүгүн, 25-августта Чүй облусунда Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинин жетекчиси, 1982-жылы туулган майор Ж.М.Ж. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн системдүү түрдө акча талап кылып келген.
Тергөөдө акча каражаттары мобилдик тиркемеси аркылуу которулуп турганы аныкталган.
Кармалган шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн башка мүмкүн болгон эпизоддору, алынган акчанын көлөмү жана окуяга тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















