Өзгөндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды (видео)
Бүгүн, 26-августта Өзгөн районундагы Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган 3 жаран аныкталды. Алардын биринен мыйзамсыз кармалган 16 даана маринка (кара балык) табылган.
Жаратылышка келтирилген зыянды өндүрүү үчүн аталган жаранга 8080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Зыяндын көлөмү ар бир балыкка 505 сомдон эсептелген. Ал эми калган эки жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















