Караколдо коомдук жайды булгаган жигиттерге айып пул салынды (видео)
24-августта интернет айдыңында бир топ жаштар коомдук жайда отуруп, күн караманын кабыгын жерге ыргытып, айлана-чөйрөнү булгап жатканы тартылган видео тараган.
Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей, аталган видео боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында жарандардын өздүгү аныкталып, аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө") негизинде административдик протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Алар кетирген катачылыктарын моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурашты.
Караколдо коомдук жайды булгаган жаштарга айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















