super.kg logo

Кызганычтан улам... Ошто аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелүүдө

 

Ош шаарында кызганычтын айынан адам өмүрүнө кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта шаардык милиция SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, 23-августта саат 02:20 чамасында Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи шаарчасында 1991-жылы туулган К. уулу З. аттуу жарандын денеси үйүнөн мойнуна жип илинген абалда табылды. Окуя болгон жерди кароо учурунда милиция кызматкерлери маркум өз жанын кыйбаганын, киши колдуу болуп каза болгонун аныкташты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн алкагында Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде контракттык негизде кызмат өтөп жаткан, 2006-жылы туулган А.А. кармалды. Ал кылмышын мойнуна алып, курбу кызын кызганып ушундай кадамга барганын билдирген.

Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: