super.kg logo

Элдик Банк чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жаңы кредиттик продуктту ишке киргизди

 

Элдик Банк ишкердикти каржылоого, агрардык секторду өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Чакан жана орто бизнести колдоо» жаңы кредиттик продуктун сунуштайт.

Жаңы продукт Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге арналган. Каржылоо мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген ишкердик субъекттерине да жеткиликтүү.

Кредиттик каражаттар иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштүк кубаттуулукту көбөйтүүгө, айыл чарба өндүрүшүн колдоого жана инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга багытталышы мүмкүн.

Кредиттөөнүн негизги шарттары:

▪️ кредиттин суммасы — 1 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин;
▪️ пайыздык чен — жылдык 14%;
▪️ эффективдүү пайыздык чен — 14,9%;
▪️ каржылоо багыттары — бизнес-кредиттер жана агрокредиттер.

Жаңы продукт чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнүн аймактарында бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Элдик Банк Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен ишкерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн финансылык продукттардын түрлөрүн кеңейтүүнү улантууда.

Кредиттөөнүн шарттары боюнча толук маалымат алып, арызды өлкө боюнча Элдик Банктын филиалдарында берүүгө болот. Ошондой эле консультацияны 9111 кыска номери аркылуу алсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: