super.kg logo

1-сентябрдан тарта үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрөт

 

Бүгүн, 26-августта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо тартиби өзгөрөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 миң сомдон 1 миң 500 сомго чейин көбөйөт.

Мындан тышкары, жөлөкпулга муктаждыкты аныктоодо кошумча критерийлер киргизилет. Тактап айтканда, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү боюнча чектөө 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылат. Ошондой эле эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул ала албайт.

Айрым айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешелерди эсептөө нормативдери жаңыланат.

Министрликтин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр жөлөкпулду чындап муктаж болгон үй-бүлөлөргө даректүү берүүгө жана социалдык жардамдын камтуусун кеңейтүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: