super.kg logo

Ошто жаштар менен ачык диалог өттү

 

Ош шаарында жаштардын шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарын талкуулаган «Ош — жаштардын көзү менен» аттуу ачык диалог өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

26-августта Ош шаарындагы Жаштар хабында уюштурулган жолугушууга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышты.

Жолугушууда жаштар коомдук транспорт, жолдордун абалы жана коопсуздук, шаардын тазалыгы, эс алуу жайлары, спорт жана жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча өз ойлорун айтып, сунуштарын беришти.

Ошондой эле жаштар шаар мэрине түз суроолорун берип, «Эгер мен мэр болсом...» форматында Ошту өнүктүрүүгө багытталган өз идеяларын сунушташты. Өз кезегинде Жанарбек Акаев суроолорго жооп берип, жаштардын сунуштарын укту.

Шаар башчысы демилгелүү жаштар үчүн жаңы аянтчаларды көбөйтүү жана алардын идеялары менен долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Иш-чара жаштардын үнүн бийликке жеткирүүгө, медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, жарандык активдүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле жаштар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ачык диалогду бекемдөөгө багытталды.

Жолугушуу «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» программасынын алкагында ЮНИСЕФ Кыргызстан, Европа Биримдиги, «Жамааттык ЖМКлардын бирлиги» (ACM) жана Ош шаарынын мэриясынын өнөктөштүгүндө уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: