super.kg logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын дизайны сунушталды

 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине тапшырылуучу алтын, күмүш жана коло медалдардын расмий дизайнын сунуштады.

Медалдардын дизайны көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясынын негизинде иштелип чыккан. Алардын борбордук бөлүгүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы жайгашкан.

Эки беттүү медаль аны илип коюуга жана атайын таянычка орнотууга ылайыкталган комплект менен кошо берилет.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дал ушул өзгөчө медалдар менен сыйланып, дүйнөлүк көчмөн спортунун тарыхында өз ысымдарын калтырышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: