super.kg logo

Дайынсыздар көп... Непалдагы суу ташкынында каза болгондордун саны 160ка жетти

 

Непалдын түндүгүндөгү Тибет менен чектеш аймакта болгон катуу суу ташкынынан каза болгондордун саны 160 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 157 адамдын сөөгүн тапканын билдирди. Жүздөгөн адам дайынсыз болууда.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Непалда жалпы 384 саякатчы дайынсыз жоголгон. Алардын 291и чет өлкөлүк жарандар. Алардын арасында Индиянын 133, АКШнын 47, Австралиянын 34, Улуу Британиянын 33 жана Канаданын 24 жараны бар. Ошондой эле Украинанын 53 жараны дайынсыз экени кабарланды.

Кырсык Непалдын Гималай тоолорундагы туристтер көп барган аймактарында болгон. Бхотекоши дарыясы жээктен ашып, бир нече айылдарды, жолдорду жана гидроэлектростанцияларды суу каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, суу ташкынына жер титирөөдөн улам пайда болгон жер көчкү себеп болушу мүмкүн. Жер көчкү дарыянын нугун тосуп, суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнө алып келген деген божомол айтылууда. АКШнын Геологиялык кызматы бул аймакта күчү 4,4 балл болгон жер титирөө катталганын билдирди.

Кырсыктан жабыркаган аймактарга Непалдын армиясы аскерлерди жана тик учактарды жөнөттү. Өлкө бийлиги Индия менен Кытайдан да куткаруу иштерине жардам берүүнү суранды.

Европа Биримдиги болсо жабыркаган аймактарды картага түшүрүп, куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн "Copernicus" спутниктик системин иштетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: