Араванда жерди өзүм билемдик менен басып алуу боюнча кылмыш иши козголду
Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагында 68 жаштагы жаран жерди өзүм билемдик менен басып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга анын мыйзамсыз аракети тууралуу 3-апрелде маалымат түшкөн. Шектүү жер тилкесине мыйзамсыз курулуштарды куруп алган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:03
2026-08-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















