Таш-Көмүрдө балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылында ачылат
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, эки кабаттуу мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ага 38,6 миллион сом жумшалган. Имараттын жалпы аянты 479 чарчы метрди түзөт.
"Мектепте окуучулардын чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, музыкалык жабдуулар менен камсыздалды. Жаңы мектеп Таш-Көмүрдүн таланттуу жаштарына заманбап шарт түзүүгө багытталган",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:08
2026-08-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















