super.kg logo

Канада Трамптын Онтарио көлүнүн атын өзгөртүү чечимине комментарий берди

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын Онтарио көлүн Америка көлү деп өзгөртүү чечими канадалыктардын бул маселе боюнча позициясына таасир этпейт. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Марк Карни билдирди.

"Канадалыктар күрөктү күрөк деп атаганды жакшы билет. Ошондой эле көл дайыма Онтарио деп аталат. Бүгүн жана түбөлүккө", - деп жазган ал X соцтармагына.

Карни АКШ менен Канаданын чек арасындагы көлгө атты гурон индейлери койгонун эскерген.

"Бул түзмө-түз "кооз көл", "чоң көл" дегенди билдирет", - деп түшүндүрдү премьер-министр.

Ал көлдүн бул аталышы 400 жылдан ашык убакыт мурун, тагыраагы, Канада жана АКШ сыяктуу өлкөлөр дүйнө картасында пайда боло электе эле коюлганын белгилеген.

Эске салсак, Бейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп көлдүн атын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: