Кочкор айылындагы окуучулар жаңы мектепте окуп баштайт (сүрөт)
Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даярдалды.
Жаңы мектеп үч кабаттуу заманбап үлгүдө курулуп, жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.
Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол үчүн жана машыгуу аянтчалары курулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















