Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышы үчүн фан-зоналар уюштурулат
Бишкекте 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Бул күнү борбордун 4 районунда жана Ала-Тоо аянтында фан-зоналар уюштурулат. Ал жерде концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар өтүп, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары болот.
- Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат.
- Октябрь районунда фан-зоналар Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» скверинде жана «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда иштейт.
- Ленин районунда фан-зоналар Фучик атындагы паркта, Ак-Ордо конушундагы «Ашар» паркында жана Жал кичи районундагы «Муун» скверинде уюштурулат.
- Биринчи май районунда оюндардын ачылыш аземин Ч. Түлөбердиев атындагы паркта (Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде), Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплексинде, ошондой эле Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан скверден көрүүгө болот.
- Свердлов районунда фан-зоналар Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплексинде, Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектебинде (1А дареги) жана Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектебинде иштейт.
Калаа бийлиги 28-августта билдиргендей, борбор калаанын төрт районунда уюштурулган бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















