super.kg logo

Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышы үчүн фан-зоналар уюштурулат

 

Бишкекте 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Бул күнү борбордун 4 районунда жана Ала-Тоо аянтында фан-зоналар уюштурулат. Ал жерде концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар өтүп, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары болот.

  • Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат.
  • Октябрь районунда фан-зоналар Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» скверинде жана «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда иштейт.
  • Ленин районунда фан-зоналар Фучик атындагы паркта, Ак-Ордо конушундагы «Ашар» паркында жана Жал кичи районундагы «Муун» скверинде уюштурулат.
  • Биринчи май районунда оюндардын ачылыш аземин Ч. Түлөбердиев атындагы паркта (Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде), Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплексинде, ошондой эле Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан скверден көрүүгө болот.
  • Свердлов районунда фан-зоналар Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплексинде, Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектебинде (1А дареги) жана Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектебинде иштейт.

Калаа бийлиги 28-августта билдиргендей, борбор калаанын төрт районунда уюштурулган бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: