super.kg logo

Алматы аэропортунда учак күйүп, кызматкер жабыркады

 

Бүгүн, 28-августта Алматы эл аралык аэропортунда "FlyArystan" авиакомпаниясына таандык учакта техникалык тейлөө учурунда өрт чыкты. Өрттү аэропорттун тез жардам кызматтары ыкчам өчүрүшкөндүгүн казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, окуя маалында учакта жүргүнчүлөр жана экипаж болгон эмес. Өрттөн улам "Air Astana" тобунун бир кызматкери жаракат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан үйүнө жиберилди.

Учурда учак убактылуу пайдалануудан чыгарылып, анын канчалык деңгээлде жабыркаганы жана оңдоо иштеринин көлөмү аныкталууда. Окуянын себептерин иликтенип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: