super.kg logo

Казакстандын парламентин эми Айбек Дадебай башкарат

 

Казакстандын жаңы бир палаталуу парламенти Курултайдын төрагалыгына "Адилет" партиясынын лидери Айбек Дадебай шайланды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, анын талапкерлигин президент Касым-Жомарт Токаев сунуштап, жашыруун добуш берүүдө 145 депутаттын баары колдоду.

Курултайдын төрагаларынын орун басарлыгына Нурлан Бекназаров, Дания Еспаева жана Динара Закиева шайланды. Алар үчүн 144 депутат добуш берген.

Эске салсак, Казакстанда 23-августта жаңы Конституцияга ылайык бир палаталуу парламентке өткөндөн кийинки Курултайга шайлоо өткөн. Жаңы парламентте жалпысынан 145 депутат бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: