Трамп 11-сентябрдагы теракттардын 25 жылдыгында Нью-Йоркко барбайт
АКШнын президенти Дональд Трамп 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын 25 жылдыгында Нью-Йорктогу курмандыктарды эскерүү мемориалына эмес, Пентагонго барат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Трамп Нью-Йорктогу Манхэттенде өтө турган эскерүү аземине катышууну пландаган эмес. Буга негизги себептердин бири - президенттин сөз сүйлөгүсү келгени. Бирок мемориалда 2012-жылдан бери саясатчыларга сөз берүүгө тыюу салынган.
Буга чейин АКШ администрациясынын өкүлдөрү Нью-Йорктогу мемориалга барып, жергиликтүү бийлик менен президенттин ал жерге баруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бирок салт боюнча аземде курман болгондордун жакындары бир нече саат бою алардын ысымдарын окушат. Саясатчылар болсо сахнада башка катышуучулар менен тең укукта турушат.
Басылманын маалыматына ылайык, Нью-Йоркто төрөлгөн Трамп 11-сентябрдагы окуя тууралуу 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында көп жолу айткан.
Эми ал террордук чабуулдардын 25 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына Пентагондо катышары күтүлүүдө. 2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар Пентагонго да чабуул жасаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















