super.kg logo

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолукту

 

Бүгүн, 28-августта
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитинин алдында уюштурулду. Министр алдыдагы саммит уюмдун өнүгүүсүндө, мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү этап болорун белгиледи.

Кулубаев улуттук координаторлорго саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон салымы жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ШКУнун мындан аркы ишмердигин аныктай турган документтерди макулдашуу жана чечимдерди даярдоо боюнча негизги иштер координаторлордун деңгээлинде жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Орусиянын президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишин жогору баалап, саммитти даярдоодо улуттук координаторлор кеңешинин маанилүү ролун белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Алдыдагы ШКУ саммити Бишкекте өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: