Сезим Жуманазарова Польшадагы турнирде коло медаль утту
Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова Польшада өткөн эл аралык күрөш турниринде коло медаль тагынды.
Ал 59 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Сезим алгач польшалык балбанды жеңип, кийинки беттеште дагы бир польшалык спортчуга упайлар боюнча утулду.
Үчүнчү орун үчүн күрөштө анын норвегиялык атаандашы килемге чыккан жок. Натыйжада Сезим жеңүүчү деп табылып, турнирдин коло медалына ээ болду.
Белгилей кетсек, Сезимдин эжеси Мээрим Жуманазарова бул мелдеште алтын медаль жеңди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2026-08-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















