"Бишкек Аренага" шаттл-автобустар кайдан кетет? Мэрия билдирет (видео)
31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине бара тургандар үчүн Бишкектин 21 жеринен "Бишкек Аренага" акысыз шаттл-авбустар жүрөт.
Мэрия билдиргендей, автобустар 14:00дөн 16:00гө чейин каттайт. Акыркы автобус саат 16:00дө жөнөйт. Шаттлга ачылыш аземине билети же чакыруусу барлар гана түшө алышат.
Азем бүткөн соң көрүүчүлөр келген багыты боюнча кайра шаарга акысыз жеткирилет.
Шаттл-автобустарынын жөнөө пунктары:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
- Ак-Кула автобекети - Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
- Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
- Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;
- Аул көчөсү, 10A/1 (Кожзавод);
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
- Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
- Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
- Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
- Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (азыркы Чүй проспектиси), (ДЭПО-2);
- Москва көчөсү, 239, 4-электр автобусунун (ДЭПО-1) акыркы аялдамасы;
- Дэн Сяопин проспектиси, 209 (азыркы Чүй проспектиси);
- Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
- Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
- Тыналиев көчөсү, 16.
"Бишкек Аренага" шаттл-автобустар кайдан кетет? Мэрия билдирет
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:44
2026-08-30
11:22
2026-08-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















