super.kg logo

Көз жашын тыя албай... "Мадинадагы" өрттөн кийин сатуучулар базарга чогулушууда (видео)

 

"Мадина" базарындагы өрттөн кийин сатуучулар базарга келип, өз товарларын жана контейнерлерин көрүүгө аракет кылып жатышканы боюнча интернет желесинде видео тарады. Көпчүлүгү базардын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Айрым сатуучулар көз жашын тыя албай, эмне болгонун билүүгө аракет кылып жатышат.

Бирок милиция азырынча эч кимди базардын ичине киргизбей жатат. Коопсуздук үчүн аймак курчоого алынган.

Учурда куткаруучулар өрттү өчүрүү иштерин улантып, окуя болгон жерде кошумча кызматтар да тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, ИИМ өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.






"Мадинадагы" өрттөн кийин сатуучулар базарга чогулушууда 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: