Си Цзиньпиндин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конду (видео)
Бүгүн, 30-августта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. Кытай лидерин жубайы Пэн Лиюань коштоп келди.
Аны "Манас" эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен биргеликте салтанаттуу түрдө тосуп алды. Ардактуу кароолдор тизилип, аба майданында Манастын үзүндүлөрү жаңырып турду. Жана да үрп-адат, каада-салттар да тааныштырылды.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле бир катар өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Си Цзиньпиндин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:45
2026-08-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















