Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы Николь Шерзингер Бишкекке учуп келди (видео)
Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы, актриса жана бийчи Николь Шерзингер Кыргызстанга келди. Ал бүгүн, 31-августта Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Ырчыны "Манас" эл аралык аэропортунан президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков тосуп алды.
Николь Шерзингер дүйнөлүк танымалдуулукка жеткен The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти. Ал топтун курамында "Don’t Cha", "Buttons", "When I Grow Up" сыяктуу дүйнөгө белгилүү хиттерди аткарып, өзүнүн жеке чыгармачылыгы менен да таанылган.
Ырчы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сахнага чыгып, Кыргызстанга келген чет элдик конокторго жана кыргызстандыктарга өзүнүн өнөрүн тартуулайт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи "Бишкек Аренада" өтөт.
Николь
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















