Көчмөндөр оюндарын утурлай Nomad TV видеотасма тартты
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлап, Nomad TV командасы салт менен заманбаптык жанаша жашаган Кыргызстан жөнүндө жогорку технологиялуу видеотасма тартты.
Балбандын күчү кеңсе кызматкеринин кыймыл-аракеттеринде жанданат, заманбап кыздын жаңсоосу жаачыныкындай, велосипедчи атчандын жолун улантат, ал эми тогуз коргоолдун акылмандыгы оюн тактасынын үстүндө жайылат. Кинематографиялык өткөөлдөрдүн жана заманбап визуалдык технологиянын аркасында ар кандай доорлор түзмө-түз бир кадрда бириктирилет.
Бул жөн гана оюндар жөнүндөгү укмуштуудай видео эмес. Бул өлкөнүн ата-бабаларынын элесин, улуттук мүнөзүн жана көчмөн рухун сактап, келечекке ишенимдүү кадам таштаганынын окуясы.
Nomad TV — биз салттар жөнүндө окуяларды заманбап доордун тилинде баяндайбыз.
Көчмөндөй оюндарын утурлай Nomad TV видеотасма тартты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















