Караколдо майрам... Элдин эң көп көңүлүн бурган учур кайсы болду? (видео)
Кечээ, 31-августта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Каракол шаарында өзгөчө шаң менен коштолду. Майрамды утурлай борбордук аянтта 25 метрлик жаңы мамлекеттик туу салтанаттуу көтөрүлдү. Ошондой эле шаардыктардын колдонуусуна 63 жаңы автобус берилди.
Мындан тышкары, майрамдык салтанаттын негизгиси болгон кече орусиядан келген белгилүү инсандардын коштоосундагы концерт менен уланды. Келген конокторго Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Нурлан Насип, Freeman996, Бегиш жана башка белгилүү ырчылар концерттик программа тартуулап, маанайларын көтөрүштү.
Ыр, бий менен Каракол шаарынын тургундары Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилешти.
Караколдо майрам... Элдин эң көп көңүлүн бурган учур кайсы болду?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















