Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасы конокторду тосууда (видео)
Бүгүн, 1-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасы келгендерге өзгөчө атмосфера тартуулап жатат.
Маданият министрлигинен маалымдашкандай, этно-базарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү сунушталууда. Ал эми этно-ашканада кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасынын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтүп, 6-сентябрга чейин улантылат. Этно-шаарчага кирүү акысыз.
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасы конокторду тосууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















