super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөлөрдүн саны айтылды

 

Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу 1-сентябрда маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы Кыргызстанда өткөн алгачкы Оюндарга 19 мамлекет катышкан. Быйыл Көчмөндөр оюндары 109 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирди.

Быйыл оюндар 3 багытта: спорт, маданият жана илим тармагында өтөт.

Спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилди.

Жалпысынан спорттук мелдештерге 3000ге жакын спорттук делегациянын өкүлдөрү катышууда.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган маданий программага 65 мамлекеттин 400дөн ашык өкүлдөрү катышат.

Ал эми “Көчмөндөр цивилизациясы: марастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык конференция өтөт. Ага 28 мамлекеттен 160тан ашык окумуштуу жана эксперт катышат.17:13






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: