VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөгө канча киреше алып келери айтылды (видео)
Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга 100-120 миллион доллар киреше алып келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында Көчмөндөр оюндарына быйылкы жылы 109дан ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда. Ошондой эле, бул масштабдуу иш-чарага 200 миңдей туристтин келери күтүлүүдө.
"Көчмөндөр оюндарынын маалыматтык жана медиа таасири келерки жылы байкала баштайт. Анткени 100дөн ашык өлкөнүн маалымат каражаттары жана блогерлери Кыргызстан, анын ичинде өлкөнүн көчмөн цивилизациясынын борбору экендиги тууралуу айтып беришет",- деп кошумчалады Кубатов.
Көчмөндөр оюндары өлкөгө канча киреше алып келери айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















