«Евразия» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этно-шаарчасында боз үйүн ачты
АНО «Евразия» - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү. Кызматташтыктын алкагында Кырчын капчыгайындагы этношаарчада жолугушуулар, оюндар жана кызыктуу эмоциялардын популярдуу аянтчасына айланган «Евразиянын» боз үйү тигилди.
Боз үйдүн айланасында жашоо кайнап турат:
• улуттук тогуз коргоол жана таяк тартыш оюндары;
• «Евразия» килемин жасоо;
• чүкөлөрдү боёо;
• байгелерди ойнотуу - «Алиса» акылдуу колонкасы, акылдуу сааттар жана зымсыз кулакчындар.
«Евразиянын» боз үйү 6-сентябрга чейин иштейт!
Ушул күндөрү каалаган адам этношаарчага келип, уюштурулган иш-чаралар менен таанышып, оюндарга катышып, сынактарда күчүн сынап жана дагы баалуу байгелер үчүн ат салыша алат.
Кырчын сиздерди күтөт, ал эми «Евразиянын» боз үйү конокторду тосуп алат!
Кызыктуу эмоциялар үчүн келип жана биз менен бирге бул майрамдын бир бөлүгү болуңуздар!
0

Супер-Инфо
super.kg видео















